Айылыңа бардым, бардым капыстан,
Жактырып сени, сулуу, татынам.
Жагоо таккан сенин таажы мончогуң,
Төп келишип сага баары жарашкан.
Кайырма:
Чынароу деп чакырсам чыкпай үйүңдөн,
Чын арнаган ак сүйүүң барбы көңүлдөн?
Чырмадың чынжырлап байлап сүйүүмдү,
Чынын айтчы, Чынара, кимде көңүлүң?
Достор менен бирге айыл ичинде,
Айланып сага келем кечинде.
Атыңды атап Чынара десем,
Айтууга болуп сөздү чечимге.
Кайырма:
Тынчтыкбек Айылчиев — Чынара тексти
Датасы: 15.10.2020 Көрүүлөр: 3570
Сонун ыр Чынара деген кыздарга жөнөт
Менин атым Чынара. Кызыл ушул ырды жакшы коруп угат