Күүгүмү жок, аппак сулуу таңдардай,
Күлкүгө бай, сүйүүгө бай, шаңга бай.
Көңүл кушун көкөлөткөн обого,
Кандай сонун студенттик күндөр ай.
Кайырма:
Билимге ширелген,
Бактылуу көз ирмем.
Студенттик күндөрдү,
Жар салам ыр менен.
Сүйүү ширелген,
Армансыз көз ирмем.
Студенттик кезимди,
Даңктаймын ыр менен.
Жатакана ар бир бөлмө тагдырлар,
Кыз-жигиттин дил табышкан жайындай.
Аруу тилек максаттарга чулганган,
Өтүп барат студенттик күндөр ай.
Кайырма:
Жаңы достор, жаңы теңтуш курбулар,
Биргелешип келечекке жол улар.
Оттуу курак күлгүн кезди эңсетип,
Жүрөктөрдө жаңырса дейм бул ырлар.
Кайырма:
Шарактаган шаттуу күндөр,
Таңды тоскон таттуу түндөр.
Студенттик алтын кезим,
Жаңы ачылган жашыл гүлдөй.
Түмөнбай Колдошов — Студенттик күндөр тексти
Датасы: 02.10.2020 Көрүүлөр: 3674