Бийле, бийле, сулуу кыз,
Бийиңизге абдан ашыкпыз.
Бийиңизди дагы көрсөк деп,
Дайрадай толкуп-ташыппыз.
Бийле, бийлеп коюңуз,
Сизде калды биздин оюбуз.
Суктандырат көргөн адамды,
Ак куудай аппак боюңуз.
Кайырма:
Кымча белиң, кара чачың, каштарың,
Кызыктырат кылыктарың, басканың.
Тилегимди билсең экен,
Түшүмө да кирсең экен,
Тең кылбайм сага башкасын.
Бийле, бийле гүлдөй ачылып,
Мен да бийге абдан жакынмын.
Сезимдерди кайра ойготуп,
Жылдыздай бийле чачылып.
Бийле, бийле, сулуу кыз,
Бийиңизге абдан ашыкпыз.
Бийиңизди дагы көрсөк деп,
Дайрадай толкуп-ташыппыз.
Замир Арыкбаев — Бийчи кызга тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 5260