Чарчатты баары
Сабырымдын түбү тешилип
Тагдырым тегирмендин парасындай сезилип
Чайналдым,майдаландым
Жүрөк кургур кетти эзилип
Кайырма:
Чарчадым жаным
Сени сүйгөн адам болуудан
Сабырдын көптүгүнөн эмес амал жогунан
Чыдадың сүйгөн үчүн
Чыгар мени сүйүү торуңан
Канткенде сени эсиме албай калам
Ансыз да күйүп-күйүп калбай барам
Унутсам унутулбай менде жүргөн
Кандай адамсың?Кандай адам
Канткенде сени эсиме албай калам
Ансыз да күйүп-күйүп калбай барам
Өчүрсөм өчүрүлбөй менде жүргөн
Кандай адамсың?Кандай адам
Кетти өзүмдөн
Бир эле эмес жаным миң айып
Айталбай карбаластайм,сөзүм кыска,тил майып
Сүйүүдөн экөөбүздү
Алып кетпей койду бир кайык
Кайырма:
Чарчадым жаным
Келер күндөн үмүт үзүлбөй
Бактылуу кылалбадым
Бирок сенден түңүлбөйм
Унутат окшоп калдым
Өрттөп кетсең мени тирүүлөй