Ай нуру бизге төгүлдү,
Алтыным аччы көңүлдү.
Ардактап жүрүп өтөлү,
Алдыда турган өмүрдү.
Күн нуру бизге төгүлду,
Күмүшүм аччы көңүлдү
Гүлдөтүп жүрүп өтөлү,
Гүлгүндөй жапжаш өмүрдү.
Жалбырак учат дирилдей,
Жабыккан түрүн билдирет
Жашылдуу кезде жайнайлы,
Жашообуз канча ким билет.
Алыска кетем эл үчүн,
Айланып келем сен үчүн.
Ардактап ырдап жүрөгөр
Асылкеч курбум мен үчүн.
Зейнеп Шаакеева — Ырдап жүр тексти
Датасы: 09.10.2020 Көрүүлөр: 1137