Жаштык кез ырын ырдайлы,
Жалындап күйүп, жыргайлы.
Жүрөктөр жакын экенин,
Жүзүбүз айтып турбайбы.
Кырчын кез ырын ырдайлы,
Кылымдар айың кылбайбы.
Кыялдар шейкеш келгенин,
Кылыгың айтып турбайбы.
Ашыктык ырын ырдайлы,
Алышып ойноп, жыргайлы.
Көңүлдөр туура келгенин,
Көздөрүң айтып турбайбы.
Сыпайы сүйлөп үн салып,
Сырдашсаң жүзүң нур чалып.
Сыныма толбос жан болсоң,
Сыздабайт элем мынчалык.
Кашкайып күлүп үн салып,
Кайгысыз жанга сыр салып.
Кадырга толбос жан болсоң,
Какшабайт элем мынчалык.
Жолукчу мезгил бүдөмүк,
Жолубуз башка түбөлүк.
Көрүшпөй кетсек эсен бол,
Көңүлдө бирге жүрөлүк.
Табышчу мезгил бүдөмүк,
Тагдырлар башка түбөлүк.
Кыйышпас эркем, эсен бол,
Кыялда бирге жүрөлү.
Жаныш Кочкоров — Кыялда бирге жүрөлү тексти
Датасы: 22.10.2020 Көрүүлөр: 4886