Укчу эркем, укчу гүлүм, берметим,
Арбайт мени ай нурундай келбетиң.
Тамызбасан сүйүү балын жүрөккө,
Билесиң го жүрөк тынчтык бербесин.
Көз карашың жүрөгүмдү ойготту,
Махабатты миң кайтара ойлотту.
Өткөзбөстөн чиркин тагдыр өзүңдү,
Өмүрлүккө шерик кылып койбоспу.
Укчу эркем, укчу менин үнүмдү,
Тилек сага, таазим кылып жүгүндү.
Белек үчүн арнап жүргөн эстелик,
Бергим келет өзүңө арнап гүлүмдү.