Жомок деген эмне

Жомок – оозеки чыгармачылыкта кеңири тараган, көбүнчө ойдон чыгарылган, окуяларды апыртмалуу, фантазиялуу чагылдырган, сюжети кызыктуу, баяндоо түрүндөгү чыгарма. Жомоктор ыр түрүндө да, кара сөз формасында да болот. Фольклористика илиминин тажрыйбасына таянып жана өздүк материалдарга жараша кыргыз жомоктору төмөнкүдөй классификацияланган:

  1. Айбанаттар жөнүндөгү жомоктор
  2. Кереметтүү жомоктор
  3. Турмуштук жомоктор

Жанрдык жактан алганда айбанаттар жөнүндөгү жомоктор кереметтүү же турмуштук жомоктон кескин айырмаланып, түзүлүшү боюнча да өз алдынчалыкка ээ.

Жомоктун баяндама мүнөзү, сюжетинин кыска жана тактыгы, персонаждарынын типтүүлүгү жанрдык өзгөчөлүгүн аныктайт.

Айбанаттар жөнүндөгү жомоктордо нравалык тарбия жатат.

Адамдардын ачкөздүгү, сараңдыгы, карөзгөйлүгү, акылсыздыгы, айлакерлиги жана ошол эле учурда достукка бекемдиги, боорукердиги өңдүү, адамзатына тиешелүү кеңири темадагы мүнөз-сапаттар чагылдырылат.

Айбанаттар жөнүндөгү жомоктордун стилинде өзгөчө диалог формасы кеңири колдонулганы байкалат. Бул форма жомокко драмалык-театрдык мүнөз берип, угуучуга өзгөчө таасир калтырат.

Кереметтүү жомоктордогу магиялык, сыйкырдуу предметтер канаттуу ат, ажыдаар (үч, жети баштуу), кырк кулактуу казан, топу, таяк, жайыл дасторкон, шакек, ийне, куштун жашартуучу канаты, жез кемпир, кыдыр, перилер, дөөлөр ж. б. у. с.

Жаңы жана эски кереметтүү жомоктордун сюжети жанрдан да мурда пайда болушу мүмкүн. Алардын түпкү тамыры мифтерге барып такалат.

Ал эми турмуштук, сатиралык (анекдоттук) жомоктор кийинчерээк пайда болгон.

Жомоктордогу юмор, ирония чындыкты кыйыр түрдө берүүгө негизделген.

Кыргыз элинде жакшы сапаттарга үндөгөн, адал эмгекке, адилеттүүлүккө, жакшы жүрүм-турумга чакырган, мораль, этика негизги идеясы болгон турмуштук жөө жомоктор арбын.

Турмуштук жомоктордун мазмунуна, негизги багытына караганда уруучулук, таптык түзүлүштүн мезгилинде пайда болгон деп айтууга негиз бар.

Турмуштук жомоктордун негизги белгилеринин бири – табигыйдан сырт эч нерсе жок.

Бардыгы кадимки жердик адамдар, турмуштук көрүнүштөр. Каармандар дыйкан, кедей, жылкычы, уйчу, койчу, акылдуу кыз, акылдуу зайып, акылдуу бала, сынчы киши ж. б.

Алардын душмандары – хан, вазир, бай, каракчы, ууру, молдо, алдамчы, айлакер, ач көз адам ж. б. Сюжет ушулардын айланасында курулат.

С. Рысбаев: (Педагогика илимдеринин доктору, профессор, белгилүү балдар жазуучусу)

Эмне үчүн балдар жомокко азгырылат? Себеби, илгери өткөн заманда, бир жакшы бала болгон экен. Акылдуу кыз болгон экен десең, угуп аткан бала дароо өзүн издейт. Анан ошол бала кандай болуптур?-деп кызыгат. Анан алар минтип-антип анан аягында бактылуу жашап калыптыр десең «өх» деп эс алат. Өзүн ошол баланын ордуна коёт, аралашып кетет, өзүн ошондон издейт. Өзүн-өзү көргүсү келет.

Көрдүңүзбү, жомоктун таасири. Азыркы эле окуя бизге үлгү. Кечеки окуя — бүгүн тарбия. Жомоктун өзгөчөлүгү ушунда. Жомок ар бирибизде жашайт, биз жомоктун арасында жашап жүрөбүз.