Теңсинбей көптү чырайыңа
Термеле басып эмне пайда?
Ачылган гүлсүн, билемин аны,
Мендей ашык көптөр сага.
Кайырма:
Ашыгым, жүрөгүмдү арнайын,
Бирге болчу сен дайым.
Ууз сүйүүмдүн балын мен,
Бир өзүңө арнайын.
Какпачы жаным каш-кирпигиң,
Кайышып турат жаным менин.
Таңдагы нурсуң сен мен үчүн,
Жүрөгүмө жарык чачкан.
Кайырма:
Эргитип сени кучагыма,
Эрдиңден сүйөм качан гана.
Алыстан сүйүп акмалап жүрүп,
Өтөмбү же жанып күйүп.
Кайырма:
Жоодарбешим — Ашыгым тексти
Датасы: 07.10.2020 Көрүүлөр: 974