Ал мезгил кол жеткис бакыт бак,
Алмашкыс ай менен күндү берсе да.
Арман, ай, кай жакка кеттиң, периштем,
Мен сени таарынттып же алдым беле?
Кайырма:
Сен кечиргин таарынтсам эгер,
Түшүнбөй таарынба бекер,
Өчпөсүн биздин махабат.
Сен кечиргин мени, кечиргин,
Сүйүүмдү кайрып бергиниң,
Жашасын биздин махабат.
Сен үчүн өрт болду, жаным, жалындап,
Сездиңби, билбеймин, аны ардагым.
Күндөрүм күндөргө такыр окшошпой,
Арман, ай, жүрөгүм жаман эзилди.
Жоодарбешим — Кечир, таарынтсам эгер тексти
Датасы: 07.10.2020 Көрүүлөр: 1960