Мезгилдердин зор түйшүгүн артынып,
Уул-кызыңа сулуулугун калтырып.
Жылытасың эбегейсиз жер жүзүн,
Мээримиңди жаркыраган шам кылып.
Кайырма:
Кубанычтан көккө күүлөйт куш канат,
Күүгө айланып, ырга айланып туш тарап.
Туулган күнүң мына бүгүн апаке,
Куттук айтып, аалам сизге суктанат.
Тийбесин деп татаал тагдыр камчысы,
Өмүрүмө коргон болдуң жай-кышы.
Жан киргизип сыйкырдуу бир күч менен,
Жашоо арнайт ак сүтүңдүн тамчысы.
Ката жок жарым текст жокко
Апамдын туулган кунуно ыр ырдап берет элем жарым текст жокко
Апамдын туулган кунуно ырдап берет элем жарым текст жокко