Бир күнү сүйүүп жашайсыз
Бир күнү күтүп жашайсыз
Жалганы ушул го дүйнөнүн
Өзүңдү неге неге неге алдайсың
Бир күнү жыргап жашайсың
Бир күнү ыйлап жашайсың
Жалганы ушул го дүйнөнүн
Өзүңдү неге неге неге алдайсың
Бир күнү бакытка жол табасың
Бир күнү түз жолуңдан чалынасың
Жалганы ушул го дүйнөнүн
Өзүңдү неге неге неге алдайсың
Бир күнү сыноолорго кабыласың
Бир күнү тагдырыңа таарынасың
Жалганы ушул го дүйнөнүн
Өзүңдү неге неге неге алдайсың
Бир күнү акча сенде көп болот
Бир күнү акча сенде жок болот
Кайгырбачы тууганым кайгырбачы
Ушундай дүйнө дүйнө дүйнө кем болот
Бир күнү бул өмүрдөн коштошосуң
Бир күнү жакшы адам деп жоктошосуң
Ошондуктан эрте күндү кеч кылбастан
Сыйлашалы чын көңүлдүн кел досторум