Жыпар Таштанова — Жар-жар тексти

Көчүрүү (скачать)
1 чи Like басыңыз.

Кошулушуп эки жаш,
Жуп болуптур, жар-жар.
Кубанышып эл-журту,
Кут конуптур, жар-жар.
Толкуп келген мейманга,
Той баштайбыз, жар-жар.
Болушунча аянбай,
Бой таштайбыз, жар-жар.
Алтын ордо, гүл бакча,
Калаалуу бол, жар-жар.
Артыңардан ээрчиген,
Балалуу бол, жар-жар.
Ак элечек колго алып,
Ыргап жүргүн, жар-жар.
Жакшы менен жаманды,
Ылгап жүргүн, жар-жар.
Асманга учсун куш болуп,
Ак тилегиң, жар-жар.
Ажырашпай бир жүрсүн,
Ак билегиң, жар-жар.
Баскан жериң дайыма,
Гүлдүү болсун, жар-жар.
Бүгүн курган жашооңор,
Бүрдүү болсун, жар-жар.
Ырыс алды – ынтымак,
Билип жүргүн, жар-жар.
Ата-энеге башыңды,
Ийип жүргүн, жар-жар.
Көлөкөлүү саябан,
Бак болгула, жар-жар.
Мөмөлөрү ийилген,
Шак болгула, жар-жар.
Кадыр, көңүл табылбайт,
Калыс болгун, жар-жар.
Ушак менен айыңдан,
Алыс болгун, жар-жар.
Ак булуттан себилген,
Кар болгула, жар-жар.
Дайым ушул жашоодо,
Бар болгула, жар-жар.

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Саламат Садыкова. Кыргыз жери тексти жана mp3982
Сайкал Садыбакасова - Мугалим тексти345
Гульнур Сатылганова - Туулган жерди сагынуу тексти194
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти167
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти140
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти135
Жан Сабыров — Жаным сен101
Данияр Эрматов - Мен кыргызмын тексти100
Эрлан Андашев — Өкүнбө тексти100
Нурлан Насип - Токтогулга кетесиңби тексти91

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.