Датасы: 05.10.2020
Формат: mp3

Камыштын дилдирегиндей,
Какымдын үлбүрөгүндөй,
Көңүлдө турат бир сезим,
Төгүлүп келип, төгүлбөй.
Кайырма:
Арзуу бай, турбагыла,
Ак сүйүү арнабагыла.
Алсаңар мени, а бирок
Кол менен кармабагыла.
Булуттун бүркөгүндөй,
Булактын тунук үнүндөй,
Кыялда турат бир сүрөт,
Көрүнүп келип көрүнбөй.
Кайырма:
Чыгыштын буурул таңындай,
Чымчыктын балапанындай,
Чыйт-чыйттап келип бир обон,
Жаңырып турат жаңырбай.

Один комментарий к “Мирлан Жетигенов — Арзуу тексти”

  1. Арзуумду айтам баарына
    Ак сүйүү каалайм жалпыңа
    Алсаңар мейли а бирок
    Кол менен, кол менен, кол менен кармабагыла

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *