Датасы: 13.10.2020
Формат: mp3

Көрүнүп көзгө ириде,
Көп карап жалжал тигилсем.
Кете алгыс кылып байладың,
Керемет сүйүү жибине.
Карашың мага от болуп,
Жалындайт денем чок болуп.
Арнаган жылуу сөздөрүң,
Кабылсам кетет жок болуп.
Созулду жылдан жыл өтүп,
Суурудуң жазда гүл үзүп.
Табышпай канча жүрмөкпүз,
Табышмактуу, сырдуу сүйлөшүп?..
Серп этип кирпик илине,
Себепкер сенсиң ириде.
Чыга алгыс кылып байладың,
Сыйкырдуу сүйүү жибине.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *