Автору: Николай Носов
Кыргыз тилине которгон: «ЫКЧАМ» котормо борбору
Жандуу шляпа – Николай Носовдун чакан, күлкүлүү, сюжети табышмактуу аңгемеси.
Анда кичинекей мышык жана эки бала – Вова менен Вадик жөнүндө баяндалат.
Балдар үйдө сүрөт боёп отурушкан. Кичинекей мышыктын аты Васька, ал комоддун жанында жаткан.
Анан эле кокустан арт жактан бир нерсе тушүп кетти. Үнгө карап бурулган эки бала полдон шляпаны көрүштү. Ага жакындап алайын дешкенде шляпа кыймылдап жиберди.
Үрөй учуруп пол менен жылып кирди. Бул окуя эмне менен аяктаганын билиш үчүн, аңгемени аягына чейин окуңуз. Бул чыгарма аркылуу өзгөчө нерселерден коркпогонду, бардык нерсенин туура себебин табуу керектигин үйрөтөт.
Шляпа комоддун үстүндө турган, а кичинекей мышык Васька комоддун жанында жаткан, ал эми Вовка менен Вадик столдо сүрөт боёп отурушкан.
Анан эле кокустан арт жактан бир нерсе кулап полго түшкөндөй болду. Алар үндү угары менен кайрылып карашып, комоддун жанында полдо жаткан шляпаны көрүштү.
Вовка комоддун жанына келип, полго түшүп калган шляпаны алып коймокчу болду эле, анан чочуп кыйкырып жиберди:
– Ай-ай-ай! – деп туурага качты.
– Эмне болду? – Вадик сурады таң кала.
– Ал жандуу экен, жаны бар экен.
– Кимдин жаны бар?
– Шля-шля-шля-па…
– Койчу, ай. Шляпа да жандуу болмок беле?
– Иш-ишенбесең, өзүң карап көр!
Вадик шляпанын жанына келип карамакчы болду. Анан эле шляпа аны көздөй жылып жөнөдү. Жүрөгү оозуна кептелген ал кыйкырып жиберди:
– Ай! – дароо диванга секирип чыкты. Анын артынан Вовка да секирди.
Шляпа ары-бери жылып, бөлмөнүн ортосуна токтоду. Балдар аны карап, коркконунан калтырап турушту. Аңгыча шляпа артка кайрылды да, диванды көздөй жылып жөнөдү.
– Ай! Ой! – балдар жарыша кыйкырып, дивандан түшүп, бөлмөдөн чыга качышты.
Ашканага чуркап кирип, эшикти дароо бекиткенге шашышты.
– Мен ке-кет-тим! – деди калтаарыган Вовка.
– Каякка?
– Үйүмө барайын.
– Эмнеге?
– Шляпадан коркуп жа-жатам. Шляпанын кыймылдаганын, бөлмөнүн ичинде ары-бери басканын биринчи жолу көрүп жатам.
– Балким, аны кимдир бирөө жипке байлап алып кыймылдатып жаткан болуп жүрбөсүн?
– Анда барып карап көр.
– Жүр, чогуу барабыз. Мен тетиги коньки ойногон таякты (клюшка) алып алайын. Эгер ал бизди көздөй келсе, таяк менен чабам.
– Токто, мен дагы таяк алып алайын анда.
– Бизде башка таяк жок.
– Анда лыжанын таянгычын алайын.
Алар клюшка менен лыжа таягын алып, акырын эшикти ачып, бөлмөнүн ичине баш багышты.
– Ал каякта жүрөт? – деп сурады Вадик.
– Тетигинде, тиги столдун жанында турат.
– Мен азыр клюшка менен түртүп көрөйүн, Жакын келип эле көрсүн, тентиген десе! – деди Вадик.
Бирок шляпа столдун жанында кыймылсыз жатты.
– Ыы, корктуңбу?! Бизге жакындагандан коркуп жатат, – деп балдар сүйүнүп кетишти.
– Мен азыр анын жүрөгүн түшүрөйүн, – деди Вадик эрдемсине.
Полду клюшка менен тыкылдатып:
– Эй, шляпа?!
Бирок шляпа кыймылдаган жок.
– Кел, картошкаларды алып келип, аны картошка менен аткылайбыз, – деди Вовка.
Алар ашканага кайра келип, картошкаларды колдоруна толтуруп барып, алыстан шляпаны койгулап киришти. Бирок урган картошкалары так тийбей жатып, акыры Вадик урган бир картошка тийди. Шляпа өйдө көтөрүлүп, ичинен:
– Мяу! – деген үн чыкты да, ичинен боз куйрук, анан буттар, анан кичинекей мышык чыгып келди.
– Васька! – кубанып кетишти балдар.
– Ал полдо жатканда комоддо турган шляпа үстүнө түшүп кетсе керек, – деп болжоду Вовка.
Вадик кичинекей мышыкты колуна алып, кучактады.
– Васька, кичинекейим, кантип шляпанын астында калдың?
Бирок Васька эч нерсе деп жооп берген жок. Ал жөн гана кырылдап, жарыктан көзүн жүлжүйтүп койду.
Оригинал орусча версиясы бул жерде.
Ката жок.