«Сен эмнеге күлсөн, айланып ошол нерсе өз башына келет»
Чон токойдо бир эмен дарагы өскөн экен. Анын түбүнө түлкү ийин салса, үстүне тыйын чычкан уя салып алышыптыр.
Бир куну аба-ырайы бузулуп, күн күркүрөп, катуу шамал башталат. Дарактын бутактарын шамал ары-бери кылып жулкулдатат. Тыйын чычкан байкуш шамалда учуп кетпеш үчүн бутакка болгон күчү менен жабышат. Ийининен чыгып, айлананы көргүсү келген түлкү тыйын чычкандын бул абалын көрүп, боору эзилгенче күлөт да:
— Ай, тыйын чычкан ушу сага ким койду дарактын башына уя салганды. Мына мага окшоп эле дарактын түбүнө ийин салып алып жашай бербейсинби? Карачы мени жуп-жумшак жып-жылуу жерде жыргап кана жашап жатам, — деп тыйын чычканды келекелейт.
Бир аз убакыт өткөн сон катуу соккон шамал токтоп, айлана тынчып, токой ичи мурдакысындай абалга келет. Көңүлүндө кири жок тыйын чычкан кайра шактан-шакка секирип ойноп кирет. А түлкү болсо дагы эле тыйын чычкандын шамал болуп жаткандагы абалын эстеп алып, боору эзиле күлө берет.
Ангыча болбой эле жакын жерден колунда мылтыгын алып, иттерин ээрчиткен дыйкандын күрсүлдөгөн үнү угулат. Дыйкан улам-улам кыжынып:
— Ушул түлкү элеби?.. Мен аны кармап алсам сазайын гана колуна берем. Тоокторду жегенди мен ага көрсөтпөсөм! — деп шашылып келе жаткан болчу.
Дыйкандын иттери да түлкүнүн жытын сезип, дарактын түбүн көздей келе жатышкан эле. Бир маалда ийинине карай келе жаткан иттерди көргөндө түлкү дыргаяктаган бойдон качып жөнөйт. Ал эми дыйкандын иттери болсо анын артынан жөнөшөт. Иттердин артынан дыйкан да чуркайт. Түлкү байкуш жанын куткарып калуу учун жан-алакетке түшүп, куйругун түйгөн бойдон токойду аралап качып кетет.
Ал эми тыйын чычкан болсо аны карап туруп аны мазактабай, кайра тескерисинче түлкүгө аябай боору ооруган экен. Анан өзүн бийикте жашап калгандыгы үчүн шүгүр келтириптир.
Ошентип тыйын чычканды маскаралаган түлкү өзү маскара болуп, дыйкандын иттеринен аран кутулган экен.