«Акыл айга жеткизет, билим көккө жеткизет»

Бир шаарда Айжан деген бир кыз жашаптыр. Анын агасы Актан мектепке кеткенде ал аябай эрикчү экен. Айжан да агасы менен бирге мектепке баргысы келчү. Бирок апасы такыр уруксат берчү эмес. Анткени мектепке барганга анын жашы жете элек болчу.

Айжандын атасы болсо эрте менен талаага иштегени кетчу. Агасы окууга кеткенден кийин апасы да атасынын жанына кетээр эле. Ал эми Айжан болсо чон энеси менен үйдө калчу. Ошентип Айжан аябай эригет болчу.

Мына ушундай күндөрдүн биринде Айжан уйдө дагы чоң энеси менен калган эле. Бир убакта чон энеси мештин түбүнө төшөк салып уктап калды. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Айжан үйдөн качып чыкты. Ал өз оюнда окууга бара жаткан эле. Айжан албетте мектепке барчу жолду билчү, бирок жолдогу иттерден аябай коркчу. Ошентип ал мектепке жөнөдү. Негедир аны иттер аны капкан жок. Анткени баары аны таанычу.

Бирок Айжан мектепке жеткенде мугалим урушаарын билип, кирсемби, же кирбесемби деп бир чечимге келе албай койду. Кантсе да эми ушунча келген сон мектепке кирейин деп чечти да, мектептин босогосун аттады. Айжан коридор менен жүрүп отуруп, бир кабинеттин жанына токтоду. Акырын ачылып турган эшиктен класстын ичин карады. Мугалим досканын жанында сабакты тушундуруп жатыптыр. Анан ал бир маалда сыртка карап, Айжанды көрүп тан калып калды да:

— Сен кимсиң? Атын ким? — деп суроо узатты

Балдардын баары Айжанды тааныгандыктан баары бирдей:

— Бул Актандын карындашы Айжан, -деп ызылдай жооп дей беришет.

Мугалим кайра Айжандан:

— Эмнеге келдин?- деп сурады.

Айжан мугалимге:

— Эжеке, мен дагы окууга келдим, жазгым келет. Чындыгында агамдан кээ бир тамгаларды үйрөнүп алгам. Бирок дагы көп нерсени үйрөнүп, бат-бат окугум келет, — деди мугалимге тигиле карап.

— Аа, анда сен атындын тамгаларын билесинби? Айтып берчи бизге,- деди мугалим. Айжан кубанып кетти да:

— А-Й-Ж-А-Н,-деп баарын тамгалап айтып берди.

— Оой азаматсын! Апан менен мен эртен сүйлөшөм. Мындан кийин сен мектепке келгин, макулбу. Сен аябай акылдуу кыз турбайсынбы! — деп мугалим Айжандын башынан сылады.

Мына ушинтип Айжандын каалоо-тилеги аткарылып, агасы менен бирге мектепке барып калган экен. Ал аз убакыттын ичинде эле окуганды жана жазганды үйрөнүптүр. Классында окуган окуучуларга сабактардан оной эле жетип алыптыр. Кала берсе, класстагы эн жакшы окугандардын катарына кошулган экен. Анткени, Айжан мектепке өз каалоосу менен барган эле.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы56
Акылдуу кыз жомок46
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок32
Коён менен кирпи25
Көмөч нан (колобок) жомок25
ЖАЛКОО24
Бакыт-таалай каякта?19
Акылдуу балдар15
Кырк калп жомок15
Карышкыр жана жети улак14

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *