«Эгер ниетиң таза болсо, анда сен бактылуусун»

Бул күнү айланага асмандагы күн жарыгын чачып, жаркырап тийип турган эле. Токойдун ичиндеги куштар сайрап, жан-жаныбар сайран куруп жатышкан болчу. Тыйын чычкан дагы бутактан-бутакка секирип, тобурчактарды топтоп, ойноп жаткан. Бир убакта ал талп этип жерге кулап түшүп кетти. Болгондо да кампайып тоюп, дем алып жаткан карышкырдын үстүнө кулап калды.

Карышкыр буга аябай ачууланып кетип башын көтөргендө, байкуш тыйын чычкандын жүрөгү оозуна тыгыла түштү. Тыйын чычкан өзүнө-өзү: «Оо Кудай! Бул эми мени жейт го» — деп ойлоп кетти.

Анан ал карышкырдан:

— Кечиресиз, сиздин тынчынызды алайын деген оюмда жок болчу. Бул кокустук. Бутум тайып, кулап кеттим,- деп актана кечирим сурады.

Бул сөздөрдү айтып алып, кайра тыйын чычкан катуу коркуп, титиреп жатты.

Карышкыр тыйын чычкан ойлогондой ачка деле эмес болчу. Тыйын чычкандын этине анча деле көз арткан жок. Карышкыр аны карап:

— Макул, сени бул жолу кечирдим. Бирок бир шартым бар. Ошону аткарсан сени коё берем, -деди.

— Рахмат карышкыр байке! Шартынызды айтыныз, — деди тыйын чычкан.

— Менин шартым мындай. Эмне үчүн тыйын чычкандар дайыма бактылуу. А мен болсо дайыма эле кабагым ачылбай капалуумун. Такыр эч кимге сүйлөгүм келбейт. Ушул сырды мага айтып берчи,-деди карышкыр.

Тыйын чычкан бир саамга ойлонуп турду да:

— Мени коё бериниз. Сизге сүрөттөп айтып берейин,-деди.

Карышкыр макул болуп, тыйын чычканды коё берди. Тыйын чычкан карышкырдын колунан кутулуп чыкканына сүйүнүп, дарактын бутагына секирип чыкты да:

— Биз башкаларды да өзүбүздөй көрөбүз. Баарын жаныбыздай жакшы көрөбүз. А сен болсо таш боорсуң жана жүрөгүң таштай катуу. Башканын көңүлүн оорутканына кейибейсиң. Сен жамансың жана зөөкүрсүң,-деди. Анан ал карышкырдын бул жаман сапаттарын таштоосу керектигин да айтты.

Демек, адам өзү бактылуу болгусу келсе, анда башкаларды сүйө билип жана башкалардын көңүлүн да алуусу керек.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы56
Акылдуу кыз жомок53
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок31
Кырк калп жомок26
Көмөч нан (колобок) жомок25
ЖАЛКОО24
Коён менен кирпи23
Акылдуу балдар21
Бакыт-таалай каякта?19
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш18

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *