Качанкы бир заманда кыштакта жашаган аял болуптур. Анын эки кызы бар экен. Улуусу менен кичүүсү бири-бирине таптакыр окшобогон жан болот. Улуусу урушчаак, орой мүнөз, анан да сараң экен. А кичүүсүнүн баарына кабагы ачык, адептүү чыгат.
Кичүүсүн бир күнү энекеси алыс эмес жердеги кудуктан суу алып келүүгө жөнөтөт. Кыз тызылдаган бойдон кетет.
Кудукка жетип суу алаарында капыстан жүдөп-какаган, чачтары үксөйгөн бечара кемпир көрүнөт. А чынында ал бечара кемпир эмес, сыйкырчы болчу. Тек гана ал тигинин кандай кыз экенин билүү үчүн бечара өңдөнүп кубулуп алган эле.
– Э кагылайын, тамагым кургап суусап турам, мендей бечарага тамчы суу берип койчу!
– Бир аз чыдап туруңуз эне, мен азыр чакамды тартып алайын, – деди кыз дароо.
Кыз чакасына суу толтурары менен кемпирдин суусунун кандырды.
– Берешен кыз турбайсыңбы, кагылайын, – кемпир суусуну канганына ыраазы болду. – Муну үчүн сага белегим бар: эми ушул күндөн баштап сен күлсөң — оозуңан бермет чубуруп турсун!
Кемпир ушуну айтат да көздөн кайым болот. Ошол күндөн тарта кичинекей кыз күлгөн сайын оозунан бермет чубуруп түшчү болот.
Эл да ага Ма Пале деген ат коёт, анысы «бермет» дегенди түшүндүрөт экен. Демек, кыздын аты Бермет болуп калат.
Эжеси анан Берметтен мунун баары кандай болгонун сурап түгөталбай, абыдан ичи ачышчу болот. Ал да бир күнү кудукка барып суу алып келүүнү чечет. Барсам эле сыйкырчы кемпирге жолугуп жолдуу болом деп ойлойт.
Жөнөйт анан кудукка. Сууну сузат да, караса – сөлдүрөгөн кемпир келатат. Сөлдүрөп да ичкенге суу сурайт.
Бирок ал сиңдиси Берметтей адамдарга жароокер эмес эле.
– Сендей селсаяктарга суу сузуп беришим керек экен да, карасаң деле! Жаныма жакындабай жоголчу ары!
– Ташбоор, мээримсиз кыз турбайсыңбы сен! Жадагалса өз сиңдиңе да ичиң тарып турат, жарыбагыр. Эми мындан ары сен күлсөң, оозуңан тарбаңдаган бака секирип калсын! – дейт экен сыйкырчы кемпир.
Ошондон кийин айылдаштары Берметтин эжесинин жолун тороп: «Сенин атың Ма Пха-пьоу» деп шылдыңдашчу болуптур. Ма Пха-пьоу дегени – Бака деген ат экен көрсө.
Мага аябай жакты кызыктуу экен)