Ал кезде дептердин жогунан тактайдын бетине жазар
элек. Эртеси аны бычак менен кырып таштап, жазууну кай-
ра баштачубуз. Ошентип, биринчи класста төрт жылы ка-
тары менен окудук. Бул жаман окугандыктан эмес, башка
класс жок эле… Бир күнү агай:
‒ Сен эми ичкертен окуйсуң. Бул жердин окуусун бүтүр-
дүң, ‒ деди.
Шаарга жакын бир мектепке келип, төртүнчү класстан
окуй баштадым. Мектептин имараты сонун экен. Партага
отуруп окуйбуз. Бөкөйдө жерге отуруп окучубуз. Мектеби-
биз эски мечит эле. Жаз келери менен эл жаздык конушка
көчүп кетчү. Биз жардын түбүн тегиздетип алып, ошол жер-
ди мектепке айландырчу элек.
Жаңы мектеп мага аябай жагып калды. Бат эле жакшы
окуп кеттим. Ошол кезде адабий китептер менен тааныша
баштадым. Мурда Барпы акындын ырларын гана укчумун,
бул жерде Аалы Токомбаевдин, Жоомарт Бөкөнбаевдин,
Жусуп Турусбековдун, Касымалы Жантөшевдин чыгарма-
лары менен тааныштым. Өзүм да кереге гезитке анча-мын-
ча ыр жазчу болдум. Ошол кезде жазылган бир ырым мын-
дай эле:
Сентябрь. Окууну баштадык,
Сайрандап жүргөндү таштадык.
Таң ата мектепке ашыктык,
Талыкпай окууга машыктык.
Аңтарып китептин беттерин,
Аңдадык адептүү кептерин.
Тогуз ай окуйбуз дагы биз,
Талыкпай сезимге салып из.
Ошол кездеги эки окуя али жадымда жүрөт. «Бөкөйгө
кино келиптир» деген кабар бат эле таркады. Жүктөрүн эки
атка артып алып, башына ногой калпак кийген бирөө мек-
тептин жанына келди да:
‒ Балдар, кана, жардамдашкыла! ‒ деди.
Жүктү түшүрүүгө жардам бердик.
Кечинде эки боз үйдүн ортолугуна ак шейшеп тартты.
Жигиттерге динамону бурата баштады. Анан киночу ишке
киришти. Ак шейшептин бетинде адамдар пайда болду.
Алар кадимкидей кыймылдайт, чуркайт, мушташат… Бир
оокумда бирөө мылтык алып бизди карай сунду! Кемпир-
лер чочуп, кыйкырып жерге жата калышты. Биз да жата кал-
дык. Алгач ирет кинону ушинтип көргөнбүз.
Аябай жакты
Не
Не анан