Жүрөгүмө сен сүйүүңдү арнадың
Көздөрүмө жалын чачып барбайсың
Махабаттын үмүт отун жандырып
Сүйөмүн деп бир өзүмдү жандайсың
Кайырма:
Кетем кетем деп алдайсың
Сүйөм сүйөм деп жандайсың
Сүйүүңдү кабыл албаймын
Эх көңүлүмдү арбайсың
Сезимиңди арнап мага кайрадан
Эч артымдан калбадың го садагам
Эгер сүйсөң түбөлүк сүй жүрөктөн
Мен да сүйүп сүйүлөйүн садагам