«Адал тапкан кирешенин пайдасы мол болот»
Илгери-илгери бир заманда жетим бала жашаптыр. Ал жашы он сегизге жеткенде бир устага барып:
— Мени жанынызга шерик кылып алынызчы? Мага бир жылда жыйырма беш сом акча берсениз ошол жетет — деп суранат.
Таң калган уста:
— Балам, сен айткан акчаны эл бир күндө эле таап коёт. Сен айткан акча бир жылга аз эмеспи?- дейт.
— Жок уста аз эмес. Адал болсо болду. Болгону жыйырма беш сом акча,- дейт бала
Ушинтип уста жетим баланы жанына шакирт кылып алат.
Уста баланы өз баласындай курсагын тойгузуп, кийиндирип-ичиндирип жакшы карайт. Бала дагы колунан келишинче устанын айткандарын кылып, иштей баштайт. Ошентип арадан бир жыл өтөт. Уста балага жанагы айткан жыйырма беш сом акчасын берет. Бала уста менен коштошуп, жолго чыгат.
Баланын атасы мурда соодагер болуп иштечу. Ал жол журуп баратып атасынын алып сатар досун жолуктуруп калат. Ал баланы көргөнүнө сүйүнүп:
— Оо аяш балам, кандайсың, кайда жүрөсүң?- деп алакыбалын сурайт.
Бала:
— Жакшы! Бул менин адал жол менен тапкан акчам эле. Сиз ушуга мага сатыла турган буюмдарды алып келип беринизчи?- деп суранат.
Алып сатар күлкүсү келип анан балага карап:
— Ай балам бул акча аз. Анан сен каалаган нерсе келбейт да. Эмне алышым мүмкүн буга?- дейт. Бирок досунун баласы болгон учун акчаны алып, капчыгына салып коёт.
Ошентип бала коштошуп калып калат. Ал эми алып сатар төөсүнө минип, жолго чыгат. Азбы-көппү жол журуп отуруп бир базарга жетет. Ал жерден өзүнүн ала тургандарын сатып алат. Анан жетим баланын акчасына эмне алаарын ойлонот.
Ушинтип ойлонуп-ойлонуп отуруп, кайра алдыга карай жол тартат. Жолдон бир баланын мышык сатып отурганын көрөт. Анан анын баасын баладан:
— Балам мышыктын баасы канча?- деп сурайт.
Бала алып сатарга:
— Жыйырма беш сом акча,- дейт.
Алып сатардын эсине досунун баласынын акчасы түшөт. Эми ушуну болсо да сатып алайын деп, мышыкты сатып алат.
Кайра жолун андан ары улайт. Жолдо келе жатып, бир айылга туш келет. Бул айылда шаңдуу майрам болуп жаткан эле. Алып сатар ал айылда конуп калат.
Анан ал майрамга кез салып, майрам өтө кызыктуу отуп, түрдүү жер-жемиш, таттуу тамак-аштар, ар түрдүү оюн-күлкүлөр болуп жатканын карап отурат. Бир убакта алып сатар дасторкондун башында колунда таягын таянып турган бир кишини көрөт. Алып сатар ал адамга кызыгып эмне учун минтип турганын сурайт. Бул адам майрамдын ээси болчу. Ал конокко карап:
— Ээ билсениз! Айылды чычкан каптап кетти, эмне кыларыбызды да билбей калдык. Айла таппай жаман болдук, — дейт.
Алып сатар:
— Аа анын бир айласы бар. Болгондо да оңой эле,- дейт да, төөсүнө жүктөп алган мышыкты коё берет.
Мышык болсо шыпылдаган бойдон чычкандарды бирден кармай баштайт. Аны карап турган айыл тургундары буга аябай кубанышат. Айыл башчы алып сатарга:
— Урматтуу конок! Бул мышыкты бизге сатыныз! Сиз муну канчага сатасыз? — деп суранат.
— Тилекке каршы бул мышыкты сата албаймын. Анткени муну бирөөгө алган элем, — дейт алып сатар.
Айыл башчы:
Бул мышыкты бизге сатсан, сага бир кумура толтура алтын беребиз,-деп өзүнүн сунушун айтат.
Бул сунушту алып сатар дароо кабыл алат да, мышыкты аларга сатат.
Алтынды жүктөп алып, өзү жашаган айылга карай жол тартат. Бара жатып ага: «Жетим бала мага болгону жыйырма беш сом акча берди. Мен болсо ага бир кумура толтура алтын алып бара жатам. Жок мунун жарымын мен өзүмө алып калайын да жарымын ага берейин» — деген ой келет.
Дал ошол учурда анын курсагында бир оору пайда болот. Алып сатар эмне кылса да ал оору басылбай коёт. Анан ал өзүн кыйнап отуруп бул жаман ниетинен баш тартат. Ошондо гана ал оорунун азайганын сезет. Акыры таптакыр алтынды алуудан баш тартат. Оору эми такыр жоголот.
Айылга келээри менен алып сатар жетим баланы таап, ага аманатты тапшырат. Жетим бала аябай кубанат да, алып сатарга рахмат айтып алтындын жарымын берет. Мына ушинтип жетим бала адал жол менен табылган акчанын берекесин көргөн экен.