Жаш кезегиңде ойноп-күлүп ал,
Бул күндөрдүн да бүтөр күнү бар.
Жалындуу өмүр таза сүрүп ал,
Жашоонун гүлүн назик терип ал.
Өтөт бул дүйнө, чөгүп өксүбө,
Бири кем дүйнө, бул дүр-дүйнө.
Кайырма:
Өмүр өтөт мейли,
Өкүнбөгүн деги.
Жаңылба жолуңдан,
Жалган жашоо деми.
Жашоо сыноосун көтөр кайгырбай.
Өмүрдүн шагын өткөр сындырбай.
Жашоо булагын көз сал кир кылбай.
Өтчү нерсенин азабын тартпай
Өтөт бул дүйнө, чөгүп өксүбө,
Бири кем дүйнө, бул дүр-дүйнө.
Кайырма:
Адилет Азимов — Өмүр тексти
Датасы: 10.09.2020 Көрүүлөр: 182