Гүл кармаган ала чачтуу ак жумал
Мырза жигит карайсың не бей кумар
Көз карашың мыжып жатат жүрөктү
Көздөрүңөн мага айтчу бир сыр бар
Кайырма
Каректеги сырды чече албай
Айланчыктайм мен да кете албай
Өткөрбөчү ушул учурду
Өтсө кетет өтсө кетет кайра кайрылбай
Мырза жигит таартынба
Кадам шилтеп кол сунам
Каректеги терең сыр
Кошо кетсин толтура
Кыз жүрөгү батынбай
Өзүң келчи кол суна
Батына албай сөз айтууга байкасам
Ыңшың кетет мени карап кайтадан
Белги берчи мен өзүңдөн күтөйүн
Гүл болууга гүл бакчаңдан жайнаган
Айчүрөк Иманалиева — Мырза жигит тексти
Датасы: 14.01.2025 Көрүүлөр: 79