Сергитип сезимдин канаттарын,
Сүйчүбүз аллея дарактарын.
Сагынып, аргасыз эстей берем,
Сан жылдыз ажарын талашканын.
Саргайтып өткөндүн барактарын,
Сан күндү сен жок деп жаратпадым.
Сымбатым, сыңыма жарашканым,
Сыздатып жүрөктү канатпагын.
[Кайырма]
Жалгызымсың, жалгызыңмын,
Аярымсың, аярыңмын,
Сен мени түшүнгөн жалгызымсың.
Сен келчү айлуу кеч, аппак кайын
Сыры бар жан билбес мага дайым
Сыймыктуу ошол кез, сурап алгыс
Саматып алыстайт ал ансайын
Сабылып жүрөктү чалат жалын
Сезгендей күн өтүп баратканын
Саамайың жел болуп тарап дайым
Санаалар сени издеп барат, жаным
Топ гүлдөр ачылтып чанактарын
Топ кушта талытып канаттарын
Толгонуп толкундай сезеличи
Топ жылдар кош айтып баратканын