Бир ыр жазып жолун таптым макташтын
Ата- энем бар үчүн мен жапжашмын
Жолун таппай жүрөм бирок эч эле
Айыл жакка жылда бир маал катташтын
Кайырма:
Билбейм канча баркын билдим учурдун
Билбейм канча жаштык кылып кутурдум
Ата- апам мээнетиңден экөөңдүң
Билбейм канча пайызынан кутулдум
Барбасам да тилеп келем өмүрүң
Оорутпасак дешет экен көңүлүн
Жетсем буйуруп ата-энемдин жашына
Канам балким түшүнөөрмүн төгүнүн
Кандай гана ыйык сөздөр айтылуу
Баардык жыргал ата-эне аркылуу
Тилегеним күнү-түнү кудайдан
Биз силердей болсок экен бактылуу
Айпери Кулбаева — Ата-энеме таазим
Датасы: 24.09.2020 Көрүүлөр: 239
Ырдын текстин чыгарып койгулачы сураныч