Карайсыңбы, карабайсыңбы?
Самайсыңбы, самабайсыңбы?
Жарык нурун катып булутка,
Жашырына калган айсыңбы?
Кайырма:
Бакытымдын байрагы болуп,
Баягыдай сен жайдары жолук.
Махабаттын майрамы болуп,
Мага жолук, дагы бир жолук.
Каалайсыңбы, каалабайсыңбы?
Баалайсыңбы, баалабайсыңбы?
Оюнчуктан кызыгы тарап,
Ойго баткан баладайсыңбы?
Кайырма.
Моокумумду кандырбайсыңбы?
Ал мончоктой албырбайсыңбы?
Түбөлүккө дегдетип мени,
Төгүп өткөн жамгырдайсыңбы?
Кайырма.
Алина Жетигенова — Дагы бир жолук тексти
Датасы: 20.10.2020 Көрүүлөр: 521