Мен сүйгөн адам сен элең жаным
Жүрөгүм ысып кайнады каным
Тагдырдын ушул тапканы сен деп
Бир тапсак кантет сүйүүнүн балын
Кайырма:
Эй сүйүүнүн балын
Ой сүйүүнүн балын
Мен күткөн адам сен белен күнүм
Сыйкырып алды жагымдуу үнүм
Арманда өткөн сүйүүсүз өмүр
Күлдөсүн эми махабат гүлүм
Арманда өткөн сүйүүсүз өмүр
Күлдөсүн эми махабат багым
Өзүңдү гана сүйөмүн жаным
Сезимди өрттөп дүрт этти жалын
Жаныңдан алыс чыга албай калдым
Өзүңсүз өтпөй бир дагы күнүм