Кыйналды жаным
Кабарың билбейм, кайдасың?
Ким менен кайда, жүрөсүң кандай жайдасың?
Өрттөндү өзөк, сагыныч батпай жүрөккө,
Махабат кыйнап, кусамын таппайм, кусамын таппайм айласын.
Балбылдап жанган көздөрүң көрбөй сагындым,
Сагыныч кыйнап сары оору дартка кабылдым.
Алымды сурап бир жолу кабар албаган,
Жүрөгүң сенин таш беле сага, таш беле сага таарындым
Таарындым жаным, алымды сурап келип кет,
Сүйүүңдү чачып, көңүлүң мага бөлүп кет.
Көп мезгил көрбөй сары оору болгон дартымдын дабасы сенсиң,
Мээримиң келип, мээримиң келип төгүп кет.
Алымды сурап бир жолу кабар албаган,
Жүрөгүң сенин таш беле сага, таш беле сага таарындым
Арзыбек Бедияров — Жүрөгүң сенин таш беле? тексти
Датасы: 02.10.2020 Көрүүлөр: 1090