Биз жүргөн айлуу түн кайда,
Биз үзгөн жыпар гүл кайда.
Көзүңдөн секет болоюн,
Көрүнүп койчу бир кайра
Жалбырак жайдын кечи эле,
Жанаша баскан кез эле.
Тамаша кыял сөз айтсам,
Таарына түштүң тез эле.
Кыялдын минип кемесин,
Кыйналдым качан келесин.
Кыйнаган менин жанымды,
Кымбаттуум, кандай немесин.
Кыялым чертип түркүн күү,
Сен карап койсоң сүйкүмдүү.
Тымызың ичим тызылдап,
Сагындым сенин күлкүңдү.
Саламатсыздарбы. «Биз үзгөн жыпар ГУЛ кайда», «Кыялым чертип түркүн КУУ» болуп калыптыр. Ушул жерлерин оңдоп койсоңуздар.
Саламатсызбы, рахмат, оңолду!