Булбулдар таңшып шагында,
Булактын бастык жанында.
Татына жүздүн шооласы,
Таралып турду канымда.
Айрыкча сулуу сезилди,
Ажайып жайдын,
Агарган жайдын таңында.
Көңүлдүн сүйгөн ардагы,
Көз караш сонун андагы.
Элесиң улам жарк этсе,
Эргиди сезим кандагы.
Жайнаган чолпон белемсиң,
Жарыгын чачкан таңдагы.
Түшүмдө мейли, өңүмдө,
Түспөлүң турат көңүлдө.
Оргуштап жаштык махабат,
Ойлорум өзүң жөнүндө
Алдыга карай үндөгөн,
Ак шоола болдуң өмүргө.
Асанкалый Керимбаев — Таң шооласы тексти
Датасы: 25.10.2020 Көрүүлөр: 2519