Жар көчкөн өңдүү бүт жерден,
Жан кишим калбай күткөнгө.
Жаралбай койсом негедир,
Жалгыздык башка түшкөндөй.
Баркыңды калың эл көрөт,
Башыңды кара жер көмөт.
Басмайыл тартар иниң жок,
Басынып турсаң тең бөлөр.
Баткан күн аткан таңга маал,
Балдарың калар, жар калар.
Дүңгүрөп турган атың жок,
Дүнүйөң түшкүр, ал калар.
Сөзүмдү ташып алыска,
Сөз кылар кас да калыстай.
Ырларың ыйга айланар,
Айланар достор таанышка.
Жакшы жан элең аялуу,
Жакшыны качан аядың?
Боз шыбак баскан мүрзөңдү,
Боздотуп турар караңгы.
Асанкалый Керимбаев — Жалгыздык тексти
Датасы: 25.10.2020 Көрүүлөр: 1719