Таң уйкудан туруп сагынычка тунуп,
Мен өзүмдү алдадым.
Жүрөк үнүн угуп тан атканча көз илбей,
Түн өткөнү сезилбей мен өзүмдү түшүнбөйм.
Сагынтпоого сөз бердин дайыныңды сезгемин,
Сенсиз күнүм түнөрүп.
Сезимдерим табышмак сенсиз калса алыстайт,
Бир болбодук түбөлүк.
Кайырма:
Телефонум күнөлүү бекен,
Дайынын жок.
Таарындынбы дейин десем,
Мен айыбым жок.
Ойду каптап табышмак ойлор учуп алыстап,
Четке кагып жарынмын мен түшүнбөй турамын.
Сүйүү кордук карыштап сезим күчү жарышмак,
Буздун неге дубалын.
Таш болсо да жүрөгүм санаасы бар бирөөнүн,
Сездиң бекен убалын.
Таш каптырып тилегин жалгыздыкты тиледин,
Тагдырыңдан сурагын.
Кайырма: