Айыл арты шиберлүү саз, талаа көк,
Бой жеткендер бүт чогулуп, бала көп.
Атаандашып жылдыздарга ышкыбоз,
Айлуу түндө биз ойнодук, биз ойнодук ак чөлмөк.
Мен ыргыттым, менден мурда сен жеттиң,
Туйганы жок менден башка сени эч ким.
Жалгыз менин сезимиме себепкер,
Учкандарды көздөрүңө, көздөрүңө чекиттиң.
Айыл арты шиберлүү саз, талаа көк,
Бой тарткандар бүт чогулуп, бала көп.
Атаандашып жылдыздарга ышкыбыз,
Айлуу түндө биз ойнодук, биз ойнодук ак чөлмөк.
Асель Турдалиева — Ак чөлмөк тексти
Датасы: 06.10.2020 Көрүүлөр: 1451
бул ыр мага жакты ушундай жакшы журко жеткен ырды жуктогуло бол
Ооба мага жакты