Эстесем көлдүн кууларын,
Эстеймин сени, Мунарым.
Ал күндүн тагы өчпөгөн,
Азыр да эстеп турамын.
Көңүлүм сүйгөн ынагым,
Көл жээги турган турагың.
Көрүнүп калып капыстан,
Көйгөйгө салдың, Мунарым.
Он алты жашта курагым,
Ойлоно берип куурадым.
Оймоктой бала кезимде,
Оймоктой бала чагымда,
Ок атып койдуң, Мунарым.
Көл дагы турду мелтиреп,
Көңүлгө көп ой энчилеп.
Жалжалым, өзүң узаттың,
«Жайында кайра келчи» деп.
Албырып оттой жанамын,
Айткандан кантип танамын?
Жаңылбайм айткан антымдан,
Жайында сага барамын.
Сезимдин өрттү тынчытпай,
Сезондо сага барамын,
Сезондо кайра барамын,
Жайында кайра барамын.
Аскат Мусабеков — Мунарым тексти
Датасы: 29.09.2020 Көрүүлөр: 1372