Бешенең сыйкыр таратып,
Бетиңе күлкү жарашып.
Жашара түшөм кыйлага,
Жалт карап өтсөм баратып.
Көркүңө эстен тангансыйм,
Көпөлөк болуп калгансыйм.
Жылмайсаң жыргап тим эле,
Жылдызды кармап алгансыйм.
Шыңарлайм сага күндө эчен,
Шыңгырайт үнүң сүйлөсөң.
Балапан кезден эңсеген,
Бакытым болуп жүрбө сен.
Обонун ырдап кусанын,
Оболоп сага учамын.
Ойлогон сайын өзүңдү,
От болуп жанат кучагым.
Ким басат эңсөө дегенди?
Каптады жалын денемди.
Бар бекен деги дүйнөдө,
Өзүң деп күйгөн мен өңдүү.
Эрте кеч кетпей эсимден,
Эзбечи жанды эзилген.
Жоголгон сүйүүм көрүндү,
Жоодурап турган көзүмдөн.
Карегиң менен жайнаган,
Кайгыга салбай кайрадан.
Кайыктай болуп калбайын,
Калаксыз көлдө айдаган.
Көрбөсөм көңүл бук болуп,
Көргөндө жанга кут конуп.
Калдаңдап чуркайм өзүңө,
Канатын жайган куш болуп.
Асылбек Өзүбеков — Эзбечи жанды эзилген тексти
Датасы: 07.10.2020 Көрүүлөр: 610