Айылдашым сулуу Айганыш,
Ай, жылдыздай көктө жайнаңыз.
Башка айылга ыраа көрө албай,
Баарыбыздын кетти айлабыз.
Кайырма:
Сулуу, сулуу, сулуу Айганыш,
Жаш жүрөгүм сага байланыш.
Адат болду күндө кечинде,
Айганыштын үйүн айланыш.
Таш ыргытсам такыр тоготпой,
Кирешеңер такыр жолотпой.
Апаң чыгат сенин ордуңа,
Чоң таягын кармап колуна.
Басамын деп үйүң айланып,
Байкеңе да калдым кармалып.
Огородго сууга келдим деп,
Алдап койдум аны жайгарып.
Аваз Акимов — Айганыш тексти
Датасы: 22.10.2020 Көрүүлөр: 6532
Айганыштын уйун айланыш дегендей кийин болду сага кайдан байланыш деген жери жок.