Толгон өмүр жазы болуп турганың,
Толкунданткан жүрөк оту, жыргалым.
Фрунземе күндө жаңы көрк кошуп,
Гүл жыттанып, сүйкүмдөнөт бульварым.
Обонумдун күүсүн арнап ырдагын,
Ойлоруңдун гүлүн терип ыйгардым.
Жайы-кышы шайырланып, кулпунуп,
Жаштык кечтин салтанаты — бульварым.
Сөөлөтүңдөн сага теңдеш таппадым,
Саймаланган жашыл ыраң, жаш шаарым.
Сергектентип кары-жашка дем берген,
Сүйүү толгон сулуу көчөм — бульварым.
Сансыз өмүр ырахатка бөлөнгөн,
Сыймык толгон сулуу аллей бульварым.
Бул ыр мага жакты
3
оба
бул ыр мага жакты
Оа
Гул жыттанып суйкомдонот бульварым
Фрунзени кундо жаны корк кошуп муну эле унутупсуз
Сөөлөтүндүн деген Дөөлөтүндүн деген болот
Соонун
Сонун
Сөөлөтүңдөн эле болбойт
Мага жакты абдан