Ала Тоо өлкөм Кыргызстан
Ажайып көркөм Кыргызстан
Укмуштун баары табылган
Уютку чөлкөм Кыргызстан
Кыргызстан демим Кыргызстан
Кылымдык кебим Кыргызстан
Беш күндүк өмүрүмдөгү
Бейишим менин Кыргызстан
Кайырма:
Кыргызстан алга Кыргызстан
Кыргызстан жаша Кыргызстан
Сен гүлдөп өсө бересин
Кыз уулуң барда Кыргызстан
Эх кандай кенен Кыргызстан
Экинчи энем Кыргызстан
Туйлаган тулпар уулуңмун
Туу кармап берем Кыргызстан
Кыргызстан өсчү Кыргызстан
Кыйла алга көччү Кыргызстан
Ак калпак элим байырлап
Ансайын көрктүү Кыргызстан
Өзүнчө дүйнө Кыргызстан
Көрүнсүн көркүң жылдыздан
Кубалап бакыт шаштырсын
Кут даарып күндө Кыргызстан
Кыргызстан демим Кыргызстан
Кылымдык кебим Кыргызстан
Ала Тоо койнун ээлеген
Эгемен элим Кыргызстан
Ката бар экек
Ооба, ушунлай экен. Башкача ыры
Ооба,ушундай экен.Башкача ыры
Ала ооо
Ала Тоо
Ката бар экен
ееее
Ката бар экен
Таптым
Куплет, куптлет кылып, кайырмасын өзунчө бөлүп жазып коюшса болмок жкен. Баарын бир жерге тыкпай
Ката бар
Оа бирок ката бар