Гүл жыттуу кызга ашык кандай кыйын,
Жадырап көрсөткөн бар, урмат-сыйын.
Апкарып маңдайымда турсаң дагы,
Сезилбейт бүт түйшүгүң, тунук сүйүүң.
Кайырма:
Махабат отун чындап чачасыңы?
Сезимге тунук күчүң катасыңбы?
Билбеймин мен да сенин сырларыңды,
Абайлап, арзып билбей жатасыңбы?
Сагынып жүзүңдү мен көргүм келет,
Мен сага асыл ойду айткым келет.
Мас болуп, ак сүйүүңө мен чөмүлүп,
Сүйүүмдөн махабатты тапкым келет
Байыш Момунов — Махабат оту тексти
Датасы: 01.10.2020 Көрүүлөр: 164