Сүйүү кандай керемет күч касиет
Сүйгөн сайын сүйгүм келет канча ирет
Сен төрөлгөн ошол күнгө ырахмат
Сен жашаган бул дүйнөгө каниет
Кайырма:
Таптым сени ажайып кооз бүү көрдүм
Сен болбосоң кызыгы не дүйнөнүн
Аалам толо сүйүү бердиң сен мага
А мен сага кучак толо гүл бердим
Таң да көрсөм күн батканча сагынам
Ай жаңырса амандыгын жалынам
Сени менен жер айланып жаткансыйт
Сүйдүм сени баш айланып баарынан
Бала күттүм бакыт таптым ташылдым
Сени менен сендик болуп кошулдум
Ыйык болсун биздин ушул махабат
Куттуу болсун сен төрөлгөн ушул күн