Айтам ырдап, сүйүп калдым бир Айдай
Арманымды, бакытымды биле албай.
Жаш балача азгырылам өзүңө
Жалын сезим акылыма тил албай
Жалын сезим акылыма тил албай
Акылыма тил албай, акылыма койду тил албай.
Кайырма:
Колдобайдай ой ордоомдо болгонуң
Ошондо мен купулума толгонмун.
Кучагымдан эми кантип чыгарам
Кой десем сен болбодуң, болду десем койбодуң,
Койгун десем неге болбодуң.
Тагдыр мага баштап атат ушундай
Томоголойт мүнүшкөрдүн тушундай.
Балким сулуу, жолукпасаң сен мага
Дайра — нуктар калмак беле бузулбай.
Дайра — нуктар калмак беле бузулбай
Калмак беле бузулбай, калмак беле балким бузулбай.
Кайырма:
Алга барам мен тагдырга таарынбайм
Кербенчинин жүк көтөргөн нарындай.
Балким сулуу, жаш кезимде жолуксаң
Чырайыңа коймок белем багынбай.
Чырайыңа коймок белем багынбай
Коймок элем багынбай, коймок элем балким багынбай.
Кайырма:
Бек Борбиев — Айдай тексти
Датасы: 26.11.2020 Көрүүлөр: 10501