Жашылдан дүйнөбүздү,
Жаным, күз айы саргайттыбы?
Узартып арабызды,
Кайра күз бизге калп айттыбы?
Жан биргем, көз жашымды,
Сенден жашырган сагынычымды.
Жалындап жан дүйнөмө,
Жаным, каткамын таарынычымды.
А бирок кыш да келди,
Аппак кар ала келди.
Кайырма:
Карачы бурганактайт аппак карлар,
Өзүңдө биз издеген аруулук бар.
Кайрадан акка бөлөп сезимдерди,
Өзүңсүң жазыбызга алып барар.
Учабыз эки куш сыяктанып,
Тазарып дүйнөбүз гүл жыттанып.
Аруула, аппак кар,
Аруула, аппак кар.
Аппак кар кирпигиңе консо,
Көз жашка айланбасын.
Муз болуп эрибесин,
Жаным, көңүлгө байланбасын.
Бир кезде оттой күйгөн,
Ысык мамиле жаңылансын.
Бозоргон сезим талаа,
Кайра ак карга аруулансын.
Кучактайм сени кыса,
Көөдөндөн кетип ыза.
Кайырма:
Бек Борбиев — Аппак карлар тексти
Датасы: 26.11.2020 Көрүүлөр: 20160
Сука