Сулуу жазып атымды актай барака
Сууга келчү жолумду тосуп ак таңда
Сага деген сезимим ушул дайрадай
Агып өтчү алдыңдан сузуп аларда
Кайырма:
Жаш кыз элем анда секелек он жетиге жашым жете элек
Жаштык сезим биз менен ойнойт
Бирде сени мени жетелеп
Биз сүйлөшчүк күлүп ак таң
Бир күн өччү сени баткан
Үзгүн дедиң үзбөдүм
Көңүлүмдү сенин аяган
Он жыл өтүп арадан эми жолуктук
Кээде сени унутуп сен деп оорудум
Баягыдай жылдыздуу жап жаш экенсиң
Башын да эле болбосо аппак жолугуң