Айдын кызы сулуу селки
Бир көрдүм сүйдүм сени
Барайынчы мен жаныңа
Түгөй кылып алчы мени
Жамалыңа тойбой келем
Сүйүүм чексиз сага деген
Менде арман болбос эле
Бирге болсом өзүң менен
Күтүп келем сүйүп келем
Ак куу болуп сүзүп келем
Жүрөгүмдөн сыздап келем
Ак сүйүүмдү ырдай берем