Жалгызымсың сен менин,
Жан кубатым эрмегим.
Аттиң келсе колумдан,
Айды алып бермекмин.
Кайырма:
Аман болуп эл менен,
Адал орун ээлеген
Ырыс коштоп өмүрдө
Ыймандуу бол дээр элем.
Сен аман бол неберем
Таасын балдай тилиңден,
Талагың билинген,
Сен бар үчүн дүйнөдө,
Чоң атамын бүгүн мен.
Кайырма:
Чулдурап да эртелеп,
Чоң ата деп эркелеп,
Арбап турса неберең,
Андан башка не керек.
Кайырма:
Көрбөй сенин күлкүңдү,
Көңүл ачуу мүмкүнбү,
Кызыктырат баарысын
Кылыктарың сүйкүмдүү
Кайырма:
Борончу Кудайбергенов — Небере тексти
Датасы: 07.10.2020 Көрүүлөр: 1397