Маанай чөксө, досум, кайгырба,
Алсыз болуп дилди алдырба.
Турмуш — сыноо, бакыт да келет,
Көңүлүңдү өзүң жаз кыл да.
Кайырма:
Айланат, жыл айланат,
Өтөт мезгил, күндү биз барктайлы…
Агарат, дил тазарат,
Жакшы сөздү биз дайым айталы.
Сен жылмайсаң аалам жылмаят,
Обон салсаң жүрөк ыргалат.
Баарын өзүң жөнгө сала жүр,
Күлүп турсаң жашоо нурданат.
Кайырма:
Жалтанбагын, жашоо сонун,
Бийле, ырда, тап обонун.
Тагдырдын чеч табышмагын,
Таба билгин бакыт жолун.
Алга баскын үмүт менен,
Келечектин койну кенен,
Бирге болгун элиң менен…
Кайырма:
Адамзат, бүт адамзат,
Жер жүзү сонун, сактап калалы…
Жандана, биз жандана,
Келечекке бир кадам таштайлы…