Бир аралда чоң энеси менен бирге бир улан жашаптыр. Чоң эне жыпар жыт чыгаруучу кокос майын даярдоонун өзгөчө ыкмасын билип, аны менен небересинин денесин сүргөн күнү анын кереметтүү жытынан улам дельфиндер жээкке жакын сүзүп келишчү экен. Мындан пайдаланган аралдын жашоочулары дельфиндерди оңой эле торго түшүрүп, ошол күнү олжого туйтунчу болуптур.
Дагы бир жолу арал тургундары дельфиндердин чоң үйүрү торго чалынганын көрүп, олжолуу болгонуна сүйүнүшүп жатканда, алардын арасындагы кокос майын сыйпанып жыпар жыттанган алиги уланга бир дельфин сүзүп келип мындай деп адамча сүйлөп кайрылат:
– Мени үйүңө алып бар.
– Сен биздин тилди кайдан билесиң? Эмне үчүн мага минтип кайрылып жатасың? — деп таңгалып сурады жигит. Бирок дельфин унчукпастан баягы сөзүн кайталады:
– Мени үйүңө алып бар.
Жигит уруунун салты боюнча мынчалык чоң олжону жалгыз ээлегенге болбосун айтайын деди, бирок негедир карманып дельфинди үйүнө алып келди.
– Мени жаткырып, үстүмдү төшөк менен жаап коюп, чакырганымда гана кел, — деп суранды дельфин.
Жигит анын айтканындай жасап, бир топ убакыт өткөндөн кийин дельфиндин чакырыгы менен кирсе, бет алдында абдан сулуу кыз турганын көрөт.
– Сен кимсиң? Бул жерге кайдан келип калдың? — деп чочуп да, таңгалып да сурайт жигит.
– Мен өзүң көргөндөй дельфин болчумун, ал эми азыр адамга айландым. Мен сенин кокос майыңдын жыпар жытын жыттайм деп жүрүп өзүңдү сүйүп калдым.
Муну укканда улан эмне кыларын билбей калды. Аны чоочун кызды үйгө кирип алганы үчүн, баардык эле балыкчылардай болуп кармаган олжосун ортолукка бербегени үчүн чоң энеси урушмак.
Көп өтпөй чоң энеси да келип, дароо үйүндө баары жайында эмес экенин байкады. Ал кыйкырып, небересин чакырганда ал ичкериден кызды ээрчитип чыга келди. Чоң эне таңгалганынан селейип туруп калганда, кыз өзүн тааныштырып, бул жакка кайдан эмне болуп келип калганын баяндап, небересин сүйүп калганын моюнуна алды.
Чоң эне муну угуп ишенгени менен болбой эле бул ишти карылардын талкуусуна коюп, кыздын тагдырын элдик жыйындын чечими боюнча өзгөртүүнү талап кылып туруп алды. Кыз болсо буга макул болбой, элдик жыйынга барууга караманча каршы болуп, чоң эне менен небере аны үйдөн чыгара алышкан жок. Айласы кеткен чоң эне акырында карыларга өзү барып, аларды үйүнө чакырып келди. Алар кызды урууга кабыл алуу же албоо керектигин ойлонуп, ар кайсыны айтып кеңешип жатышканда кыз мындай деди:
– Сиздер билесиздерби, дельфиндер деген кимдер экенин? Дельфиндер деңизге чөгүп өлгөн адамдар. Алар деңиз түбүнө түшкөндө дельфинге айланып кетишет,- деп өзү дагы деңиз жээгиндеги кайсы бир кишинин кызы болгонун далилдеди.
Буга ишенген карылар жыйыны мындан кийин деңизден дельфин кармаганга тыюу салышып, анын этин жебөө чечимине келишти. Ошондон кийин адамдар дельфиндерди ыйык санап, аларга аңчылык кылбай калышыптыр. Дельфиндер да деңизге чөгүп бараткан адамдарды куткара баштаптыр.
Ал эми алиги дельфинден кызга айланган биздин каарманыбыз ошол жаш жигитке турмушка чыгып, көп балалуу болуп, өмүр бою чоң энесин алакандарына салып бөпөлөп багышыптыр.