Көлдүн үстү, толкунду араладым,
Өмүр учун канткенде таба аламын?Какндай кылам, көлдөгү жалгыз кайык,
Көрүнбөдүң, жүрөктү жараладың.
Канат шилтеп, баратам түгөй издеп,
Табигаттын татына жытын искеп.
Кубаныч күтүп үмүттүү жашасам да,
Кыйын экен, жете албай үмүт үзбөө.
Көл бетинде бүлбүлдөп жанат жарык,
Кумарланам көрмөккө сүзүп барып.
Мага булгап жоолугун ал да келет,
Мен издеген баягы жалгыз кайык.
Динара Жусаева — Көлдүн үстү тексти
Датасы: 15.10.2020 Көрүүлөр: 1567